ЖКнын бюджет жана финансы боюнча комитети ”Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргызстан менен эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду” даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Келишимге ылайык, дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусунун сүт өндүрүү тармагын жакшыртуу максатында 525500 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Каражат негизинен 4 багытта жумшалмакчы: жеринде изилдөөлөрдү жүргүзүү; тиешелүү документтерди даярдоо; мекемелердин мүмкүнчүлүгүн арттыруу; гранттык аудитти жүргүзүү.