Өзбекстанда шаардык сот Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Самандар Кукановдун жаза мөөнөтүн дагы 3 жыл 5 күнгө узартты.
Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Самандар Куканов абактын ички тартибин ырааттуу түрдө бузгандыгына байланыштуу ушундай чечим 7-октябрда кабыл алынган кабарлады.
Самандар Кукановдун уулу Сардор Куканов соттун бүтүмү туура эмес экенин айтууда. Себеби мындай өкүм камактагы жарандын жаза мөөнөтү бүткөндөн соң, бир күндөн кийин чыгарылган. Чиназдагы мунай иштетүүчү заводдун мурдагы директору 6-октябрда бошомок.
Түрмөдө 23 жыл, 4 ай отурган Куканов саясий туткун катары эсептелет. Ал Өзбекстандын тарыхында эң узун жаза мөөнөтүн өтөгөн адам. Куканов 1993-жылы мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сарптоого айыпталып камалган. Санаалаштарынын айтымында, ишкер жана депутат Куканов биринчи президент Ислам Каримовдун жеке буйругу менен түрмөгө түшкөн.
Самандар Куканов 1989-жылы Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бир чакырылышта депутат болгон.