«Республика – Ата Журт» фракциясы парламенттик көпчүлүк коалициясына кирбей турганы белгилүү болду.

Бул тууралуу фракция лидери Өмүрбек Бабанов “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланып жатканда билдирди.

«Биз парламенттик көпчүлүк коалициясына кирбейбиз, бирок Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдойбуз», — деди депутат Бабанов.

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы ушу тапта фракциялар менен парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бөлүшүү