Мамлекеттин жаркын келечеги үчүн жаштардын билим алуусуна кам көрүү зарыл. Коомдук ишмер, меценат жана кыргыз журтчулугуна жаратман катары таанылган Аскар Салымбеков тарабынан 4 жыл мурда “Прогрессивдүү демилгелер фонду” деп аталган коомдук фонд түзүлгөн. Ушул күнгө чейин фонд тарабынан ар тараптуу, учурдун талабына ылайык 700дөн ашык жаштарга акысыз билим берилген. Азыр дагы берилип келет. Ошону менен катар эле Кыргызстандын илимпоздоруна колдоо көрсөтүлүүдө.

Фонддун багыттары

Мамлекеттин өнүгүүсүнө керектүү стратегиялык документтерди даярдоо, илим жаатына колдоо көрсөтүү;

Прогрессивдүү идеяларды топтоо, практикалык документтерди түзүү, мамлекеттик маселелерди чечүүгө багытталган изилдөөлөргө колдоо көрсөтүү, мыкты адистерди,кадрларды даярдоо;

Жаратмандык демилгелерди, идеяларды ишке ашыруу менен жаштарды колдогон жоопкерчиликтүү жарандардын коомун түзүү;

Фонддун башкы директору Амангелди Жумадилов билдиргендей, азыркы учурда билим берүү жаатында советтик система сакталып турат. Көпчүлүк жаштар жогорку окуу жайларды аяктайт, бирок жумушка даяр эмес.

“Аларды жумушка албайт. Ал эми кошумча билим алууга бир канча акча керек болот. Биздин фонд жаштарга ар тараптуу акысыз билим берип келген. Бизнес пландоо, маркетинг, тайм менеджмент, каржы сабаттуулугу боюнча тренингдерди уюштуруп келебиз. Бул окуунун ар бири канча акча турат? Балдар кошумча билим алсын деп “Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебин ачканбыз. “Дордой” ассоциациясы каржылап, жаштар муктаж болгон тренингдерди үч ай жумасына беш жолу окутабыз”, — дейт ал.

Жумадиловдун айтымында, буга чейин акысыз окутулган тренингдер былтыркы жылдан тарта 3 миң сом болгон. Себеби балдардын окууга өзүнүн салымы болуш керек экени байкалган. 3 миң сом символдук гана сумма. Анткени окутуунун ичинде бир канча курстар бар.

“Бул он эки тренингдин гана каражаты, калган сумманы ассоциация каржылайт. Ошол эле учурда жогорку окуу жайлар тренинг өткөрүүгө имаратын акысыз берет. Кыргызстанга белгилүү болгон тренерлер арзаныраак баада окутушат”, — деди башкы директор.

Аймактардагы билимге умтулган жаштарды да окутушат

Коомдук мектептен билим алган балдар Кыргызстандын аймактарын кыдырып, башкаларды окутат. Буга чейин 700 бала окутулса, алар 7 миң жаштарга билими менен бөлүшкөн. Ал эми аймактарды кыдыруу жана башка чыгымдар фонд тарабынан каржыланат. Ушул жылдан бери тынбай 7 дубандын жаштарына дагы билим берилди.

Башкы директор негизги максаттары жаштарга мотивация берүү болуп санала турганын билдирди.

“Мотивация болсо ата-энелери окуу деп айтпаса да окуйт. Бала өзүн-өзү тарбиялоосу керек. Андан кийин болсо максатты туура коюп, ага жетүү. Ошол эле учурда убакытты туура пайдалануу жөнүндө үйрөнүшөт. Мындан тышкары акчаны кантип пайдалануу тууралуу, чечендик чеберчилик боюнча окутууларды уюштурабыз”, — деп кошумчалады.

Окууга кантип кабыл алышат?

Биринчи окуучулардын билдирмеси каралат. Андан кийин алардын ар бири менен маектешип, өлкөнүн ар бир регионунан кабыл алат.

Фонд максатына жетүүдө

Фонддун бүтүрүүчүлөрү көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Кыргыз журтчулугуна жасаган эмгектери менен таанылууда. Мындан тышкары өздөрүнүн кесиптери менен жумуш менен камсыз болушту.

Заман Турсунбеков “Кыргызстандын жаш лидерлери” мектебинин 2-агымынын бүтүрүүчүсү. Кыргызстандын желегин алгачкылардан болуп  String art ыкмасы менен жасагандардын бири. Аукционго коюп, андан желекти Аскар Салымбеков утуп алган. Түшкөн каражат Токмоктогу балдар үйүн оңдоого жумшалган. Турсунбеков кесиби боюнча сүрөтчү-модельер. Ал өлкөдө өткөн форумдарга, акцияларга, жаштарга арналган иш-чараларга активдүү катышат. Быйыл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылуу жана жабылуу аземинде башкы костюмер катары өзүн көрсөттү. Ал достору менен “Эбелек” аттуу чыгармачылык чеберчилигин ачкан. Мына ушундай ийгиликтерди багындарган Заман болгону 2-курстун студенти. Алдыда дагы кыргыз эли үчүн көптөгөн иштерди жасоого умтулууда.

Чолпон Уламбекова коомдук биринчи каналдын таңкы берүүсүнүн алып баруучусу, ошондой эле өзү бүтүргөн коомдук мектепте жаштарга тренинг өтөт. Өзүнүн алган тажрыйбасы менен бөлүшөт. Өлкөдөгү алдыңкы тренерлердин катарын толуктоодо. Ал бардык тармакта коомдук мектептин бүтүрүүчүлөрү иштеп жатканына күбө болуп келгенин айтты. Анын айтымында, жаштардын өнүгүүсүнө Прогрессивдүү демилгелер фонду чоң салымын кошуп жатат.

Ал эми Эдиль Шаршебаев мектептин 1-агымынын бүтүрүүчүсү Бишкекте кеңири таанылган “Помидор” деген компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошол эле учурда коомдук иш-чараларга активдүү катышып келет.

2014-жылы коомдук мектепти бүтүргөн Бегимай Бактыбек кызы кесиби боюнча журналист. Фонд тарабынан уюштурулган тренинг боюнча өзүнүн оюн билдирди.

“Коомдук мектеп мен сыяктуу контракт төгүп,  ЖОЖдордо билим алган, кошумча иштегендер үчүн эн сонун мүмкүнчүлүк болгон. Чоң бизнес кургубуз келет, жетекчи болгубуз келет. Бирок ошол деңгээлге жетүү үчүн эмнеден баштоо керек экендигин түшүнбөйбүз. Бизнестеги, каражат маселесиби же жетекчиликке тиешелүү сапаттарбы айтор,  ушундай суроолорго жоопту тажрыйбалуу  инсандардан алдык”, — дейт ал.

Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү жумуш менен камсыз болгону белгилүү. Алган билиминин үзүрүн көрүп жатышат.

Аскар Салымбеков дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин жаштарын көрүп, биздикилер дагы ушулардай билимдүү болсо деген тилек жана кыял менен өнүгүүгө жол ачкан фондду негиздеген.

Илимдин өнүгүүсүнө салым кошууда

Акыркы учурларда илимге көп көңүл бурулбай келгени көпчүлүктү өкүндүрөт. Фонд илимди жана окумуштууларды колдоо максатында “Акыл Тирек” сыйлыгын негиздеген.  Жылына 2, 5 млн каражат жумшап, мыкты илимий иштерге жана окумуштууларга колдоо көрсөтөт. Жогорку окуу жайлардын академиялык кеңештери менен биргеликте мыкты окумуштууларга “Акыл Тирек” сыйлыгы берилип келет. Ошону менен катар эле баалуу белектер тапшырылып келет.

Прогрессивдүү демилгелер фонду 2012-жылы  19-декабрда негизделген.