Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга визит менен келген Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту.

Жолугушууда  Кыргызстан менен Орусия ортосундагы ар кандай чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын маанилүү маселелери жана кеӊири багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүлөрдүн перспективалары талкууланды.

«Бизди абдан жылуу, достук алака-катыштар байланыштырып турат, ошондуктан Сиз менен жолукканыма  кубанычтамын», — деди Атамбаев.

Өз кезегинде Дмитрий Медведев да жылуу кабыл алгандыгы үчүн президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын айтты.

«Сиз менен жолукканыма кубанычтамын, алдыда ШКУнун алкагында Өкмөт башчыларынын жолу менен иш чаралар болгону турат», — деди Медведев.

Медведев Атамбаевге Орусия президенти Владимир Путиндин саламын жолдоду.