Парламентте Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк –Түштүк (Балыкчы шаары — Жалал-Абад шаары) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы Түндүк – Түштүк жолунун 24 чакырым жолун куруу үчүн 12 млн $ насыя каражатын бөлөт. Насыянын негизги бөлүгүн төлөө мөөнөтү 25 жыл, анын алгачкы 7 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Насыя 1,5 %дык үстөгү менен берилүүдө.