Мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, кээ бир аймактарда карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
ӨКМ билдиргендей, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.
4-5-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.