КМШ өлкөлөрүнүн беш президенти басма сөздүн душмандары тизмесине киргизилген.

Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун сайтында жазылган. Жалпысынан учурда ал тизмеде 35 адам бар.

Тизмеде бул рейтингден 2000-жылдан бери чыкпай келген Орусия президенти Владимир Путин менен Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров бар. Андан сырткары ага Азербайжан президенти Ильхам Алиев (тизмеде 2003-жылдан бери), Беларустуку Александр Лукашенко (1994-жылдан бери), Казакстандыкы Нурсултан Назарбаев (1990-жылдан бери) жана Түркмөнстандыкы Гурбангулы Бердымухамедов (2006-жылдан бери) киргизилген.

Тизмеге сөз эркиндиги жаатында көйгөйлөр бар же журналисттерге басым жасалган өлкөлөрдүн башчылары киргизилет.

«Чек арасыз кабарчылар» — басма сөз менен журналисттердин эркиндигин коргоо жана цензурага каршы күрөшүү менен алектенген эл аралык бейөкмөт уюм.