Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна бир күндүк сапары менен барат.

Өкмөттөн билдиргендей, ал Кара-Суу районунун Жоош айылындагы мектептин ачылышына катышат.

«Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү – 2» долбоорун ишке ашыруу алкагында жайлоо пайдалануучулар бирикмелерине гранттык көмөк алууга сертификаттарды тапшырат.

Жээнбеков Ош облусуна сапарынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.