Казакстандык үй-бүлө эмчектеги баласы менен кошо 2016-жылы мартта Бишкек аркылуу Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышууга аракет жасаган.
Бирок алар кармалып, жоопкерчиликке тартылышты.
Караганда облусунун прокуратурасы кабарлагандай, сот Казакстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, террордук топко кошулууга аракет жасаган Турсынбаевди 6 жылга эркинен ажыратты. Анын өмүрлүк жары Сагатова 6 айга шарттуу түрдө кесилди.
Прокуратуранын маалыматы боюнча Турсынбаев менен Сагатова мыйзамсыз түрдө кыргыз-казак чек арасын кесип өтүп, Бишкекке барышкан. Алар андан ары Түркия аркылуу Сирияга барышмак. Ал жакта үй-бүлөнүн башчысы “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулууну максат кылган.