Токтогул районунда 4-ноябрда саат 04:20 чамасында Хонда степ менен Жигули үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.

ӨКМ билдиргендей, натыйжада 1 адам каза болуп, 8 адам жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдар Токтогул шаардык ооруканасына жеткирилген.

Бөлүшүү