Өзбекстандын эмгек министрлигинин делегациясы эки өлкө ортосундагы эмгек миграциясы тармагындагы кызматташтыкты жаңы жана сапаттуу деңгээлге көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында Орусияга барды.

Бул тууралуу Өзбекстандын эмгек министрлигинин алдындагы тышкы миграция маселелери боюнча агенттиктен билдиришти.

Делегациянын сапары тышкы миграция боюнча агенттик менен орусиялык жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы түз байланышты орнотуу үчүн кабыл алынган өкмөттүн чечимине ылайык уюштурулду.

«Кызматташтыктын жогорку жана сапаттуу деңгээли жарандарыбызды Тышкы эмгек миграциясы маселелери боюнча агенттиктин линиясы аркылуу Орусия аймагында жумушка орноштуруу өңдүү маселелерди чечет деп болжолдонууда», – деп белгилешти агенттиктен.

Агенттиктин көмөгү менен уюштурулган жумушка орноштуруу Өзбекстан жарандарынын Орусиянын аймагындагы укуктары менен кызыкчылыктарын кепилдөөгө мүмкүндүк берет. Башка чаралар менен катар эле «тынымсыз байланыш» уюштуруу да пландалууда. Анын жардамы менен эмгек мигранттары жаралган суроолорго тез аранын ичинде жоопторду ала алышат.

Сапар маалында Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Карсноярск, Кемерово жана Астрахань өңдүү ири шаарларындагы жумуш берүүчүлөр менен ишкердик сүйлөшүүлөрдү өткөрүү да белгиленген.