8-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда талапкерлердин биринде да билинерлик артыкчылык жок болуп жаткан бир нече штаттагы добуш берүүлөр чечүүчү болуп калышы мүмкүн.

Шайлоого бир күн калганда Демократиялык партиянын өкүлү Хиллари Клинтон менен республикачы талапкер Дональд Трамп өлкөнүн үч аймагындагы шайлоочулардын көңүлүнө жагуу үчүн акыркы аракеттерин көрүштү. Флорида жана Түндүк Каролина штаттарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары талапкерлер үчүн чечүүчү болуп калышы мүмкүн.

Сурамжылоолор аталган штаттардагы талапкерлер ортосундагы атаандаштык абдан күчтүү экенин көрсөтүүдө, бирок жалпы өлкө боюнча популярдуулугу жагынан Клинтон Трамптан бир аз алдыда. Республикачы талапкер кечээки күндү Флоридада баштап, андан соң Түндүк Каролинага жөнөгөн. Квиннипэкс университетинин сурамжылоосунун маалыматтары боюнча эки штатта тең Клинтон артыкчыкка ээ, бирок анча көп эмес.

Зарыл болгон 270 добушту жана Акүйдүн башчысы кызматын камсыз кылуу үчүн Трамп Флорида менен Түндүк Каролинада жеңишке жетиши керек. Клинтондо ал аймактарда 270 добуш алып, АКШнын кийинки президенти болуу мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк. Ал Флорида менен Түндүк Каролинадан сырткары Пенсильвания менен Мичиганда да шайлоо алдындагы митингдерди өткөргөн. Трамп болсо аталган штаттарга, андан сырткары Нью-Гемпширге барган.