Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн илим күнүнүн алдында илим жана техника жагында мамлекеттик сыйлактарын тапшырды.

Бир нече күн мурда кол коюлган малекет башчысынын жарлыгына ылайык, илим жана техника жагында жетишкендиктери үчүн, ошондой эле илим жана техника жагында мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечими көңүлгө алынып, «Жергиликтүү штаммдардан жасалган малдардын жугуштуу ылаңдарын диагностикалоо каражаттарынын биотехнологиясы»  жана «Аялдардын сут эмизүү учурундагы өтүшүп кеткен ириңдүү маститин дарылоонун жаңы жабык ыкмасы» эмгектери үчүн илимпоздордун эки тобуна Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылып, «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилген.

Өз сөзүндө Атамбаев өлкө үчүн абдан керек жана эл аралык аренада суроо талапты туудурган бул илимий эмгектер бардык кыйынчылыктарга карабастан кыргыз илими жанданып бара жатаканын жана анын мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин далилдеп турганын баса белгиледи.

«Бул баарыбызды шыктандырат. Мен сиздерге мамлекеттик сыйлыкты тапшырып жатканыма сыймыктанам», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргыз окумуштууларынын азык-түлүк жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууга арналган илимий эмгеги чет элдик изилдөөчүлөрдүн, тагыраак айтканда, немец окумуштууларынын жогорку баасына татыктуу болгонун канааттануу менен белгиледи.

Президенттинайтымында, маммология жагындагы илимий эмгек да өлкөбүз үчүн өтө олуттуу жана керек экенин, бул ыкманын жардамы менен 600дөн ашуун аялдар дартынан арылышкан.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы окумуштууларды дагы бир жолу куттуктап, аларга бекем ден соолук жана илимий жетишкендиктерди каалады.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү