ЖКнын конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети майыптыгы бар адамдарга бир катар жеӊилдиктер каралган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Демилгечилер – депутаттар Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Эльвира Сурабалдиева, Жанар Акаев, Садык Шер-Нияз.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй негизги жоболор камтылган:
1) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамга БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясына шайкеш келген бир катар аныктамалар киргизилет;
2) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам” жана “Майыптыгы бар адам” деген аныктамалардын чектелишине байланыштуу бир катар мыйзамдарга “майып” деген сөздү алмаштырган “майыптыгы бар адам” деген сөз айкалышы боюнча түзөтүүлөр киргизилет;
3) колдорунун учтарында жана көрүү сезимдеринин көйгөйлөрү болгон адамдардын ар кандай документтерге факсимилдик кол тамгасын өз алдынча коюу укугу белгиленет;
4) угуу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга ар кандай чөйрөлөрдө сурдотилмечке укугу кепилденет, ошондой эле сурдотилмечтердин статусу аныкталат;
5) “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекет тарабынан окуу куралдарын чыгарууну камсыздоого багытталган түзөтүүлөр киргизилет.
Депутат Дастан Бекешев өлкө аймагында факсимилди киргизүү зарылдыгын белгиледи. “Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар документтерге кол коюу учурунда көптөгөн кыйынчылыктарга кабылат. Алар факсимилдик кол коюуну мыйзамдаштыруу, сурдокотормо менен камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылууда. Жаштардын сурдокотормо адистигине кызыгуусу аз. Ошондуктан, мамлекет аларга колдоо көрсөтүшү зарыл”, — дейт ал.