«Газпром экспорт» компаниясы менен «Түркмөнгаз» мамлекеттик ишканасы талашты тынчтык сүйлөшүүлөр менен чечүү боюнча иштердин башталганына байланыштуу арбитраждык жараянды токтотту.
Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
2008-жылдагы каатчылык башталгандан бери «Газпром» сатып алып жаткан түркмөн газынын баасын кайра карап чыгууга аракет кылып келет. 2009-жылдан тарта компания жылына 10 млрд куб метрге жакын газ сатып алып турган. 2015-жылы анын көлөмүн 4 млрд. куб метрге чейин азайтуу ниети тууралуу билдирген.
2015-жылдын июнунда «Газпром экспорт» 2010-жылдан 2015-жылга чейин белгиленген түркмөн газга болгон бааларды кайрадан карап чыгуу арбитражын демилгелеген. «Интерфакстын» булактарынын маалыматы боюнча, анда орусиялык компания ашыкча төлөнгөн $5 млрд каражатты кайтарып берүүнү талап кылган.
«Газпром» 2016-жылдын башынан тарта түркмөн газын сатып алуусун токтоткон.
Өткөн аптада президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Орусияга Түркмөнстан мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов барып келген.