АКШ дипломаттары Орусияда боло турган шайлоолорго катышпоосу керек.

Мындай нотаны Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы Америка элчилигине жөнөттү.

ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябковдун айтымында, АКШдагы шайлоого көз салуу үчүн орусиялык дипломаттарга чектөө киргизилген. Москва муну ыксыз деп эсептеп, ушундай жол менен жооп берди.

Орусиянын тышкы саясат мекемесинин өкүлү Мария Захарованын пикиринде, ФБР шайлоо тилкелерине киргизбөө үчүн орусиялык дипломаттарга түздөн-түз кысым көрсөтүүдө.

Бул арада АКШдагы президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүнү каалаган Орусиянын билдирүүсүн Вашингтон пропагандалык айла катары сыпаттады. Себеби Москва буга чейин ЕККУнун линиясы боюнча саясий өнөктүккө көз салуудан баш тарткан.

Бөлүшүү