Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусуна иш сапарынын алкагында жалпы аянты 1000 чарчы метр келген, Ош шаарындагы аскер шаарчасында жайгашкан дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылыш аземине катышты.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы Ош шаарынын тургундарын дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылышы менен куттуктап, Кыргызстанда социалдык программаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырып жаткан “Газпром” компаниясына ыраазычылык билдирди.
Атамбаев аскер кызматчылары үчүн курулган турак үйдүн ачылышында адамдар ушул шаарчанын аймагында спорт комплексин куруу өтүнүчү менен кайрылышканын эске салды.
«Өлкөнүн газ транспорт системасын өнүктүрүүнү инвестициялоо менен эле чектелбестен, ушул сыяктуу социалдык программаларды да жүзөгө ашырып жаткан «Газпром» компаниясына чоң рахмат. Анын алкагында өлкө аймагында ушул сыяктуу 16 дене-тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекстери курулат. Бүгүн ачылып жаткан комплекс ошолордун бири», — деди Атамбаев.
Мамлекет башчысы кезинде «Кыргызгазды» россиялык «Газпромго» сатуу жөнүндө чечимдин туура болгонун белгиледи. Мына ошонун натыйжасында калкты газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзүлдү.
Президент ошондой эле мамлекеттин коргонуу жөндөмүн арттырууга өбөлгө болгон Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун натыйжалары тууралуу да айтып берди.
«Азыр биз заманбап техникалар жана курал-жарактар менен камсыз болгон күчтүү аскерибиз бар деп айта алабыз. Акыркы аскерге чакыруу биздин ар бир үчүнчү аскерге чакырылуучулар жогорку билимдүү экенин көрсөттү. Бул мурдагыдан таптакыр башка аскер. Мындан 5-6 эле жылдар мурда аскерге кызмат өтөөдөн кача албагандар гана чакырылышчу. Бул өз убагында башталган аскер реформасынын, кабыл алынган туура мыйзамдардын жана чечимдердин оң натыйжасы», — деди Алмазбек Атамбаев.