Президент Алмазбек Атамбаев Дональд Трампты АКШнын президенти болушу менен куттуктап, телеграмма жолдоду.
Куттуктоодо эки өлкө кызматташтыгынын 25 жылдык мааракесине туш келип жатканы кубандырганын белгилеген.
«Эки өлкөнүн мындан ары достук жана кызматташтык мамилесин улантаарына ишенем”, — деди Атамбаев.
Мамлекет башчысы Дональд Трампка бакубатчылык, бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Американын биз менен дос элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.