Президент Алмазбек Атамбаев 9-10-ноябрда жумушчу сапар менен Ош жана Баткен облустарында болот.

Жумушчу сапардын алкагында мамлекет башчысы Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы физкультура-денсоолукту чыңдоочу комплекстеринин ачылыш аземдерине катышат.

Атамбаев ошондой эле Баткен облусундагы чек ара тозотунун ачылышына да катышат.

Андан соң 10-ноябрда мамлекет башчысы атайын полктун жаңы имаратын, ошондой эле Баткен районундагы мектепти ачат.

Мындан тышкары, Атамбаев Ош-Баткен автожолунун Ак-Татыр–Исфана тилкесинин ачылышына катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү