Электро энергиянын баасы тууралуу маселе козголду.

Бул тууралуу парламентте жаӊыдан түзүлүп жаткан өкмөттүн түзүмү, курамы, иш программасы жөнүндө баяндама талкууланып жатканда, бир катар депутаттар электр энергиясына байланыштуу собол салды.

Премьер-министр кызмат ордуна талапкер Сооронбай Жээнбековдун айтымында, быйыл электр кубатынын баасы кымбаттабайт, бирок бул маселеге келерки жылы кайрылууга туура келет.

Премьер-министр кызмат ордуна талапкер чакан ГЭСтерди курууга бир топ инвесторлор бар, бирок алар өндүрүлгөн электр энергиясын кымбат баада сатып алуу талабын койгондуктан, азырынча чакан ГЭСтерди куруу маселеси создугуп жатат. Ал буга чейин электр энергиясын өндүрүү жана пайдалануу жаатында коромжулуктар болгонун, азыр жоготууларды азайтуу чаралары колго алынганын кошумчалады.

Андан сырткары, Борбордук Азияда КАSА-1000 долбоорун ишке ашыруу боюнча аракеттер жасалып жатканы, анын келечеги кеӊ экени белгилүү болду.

Бөлүшүү