Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн ачылыш аземге иш сапар алкагында катышты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы милиционерлерди имараттын ачылышы менен куттуктады. Ал кийинки жылдары күч түзүмдөрү сезилерлик бекемделип калганын белгиледи.

Президенттин айтымында, мурда, 2005-2010-жылдары милиционерлер форма кийгенден уяла башташкан, ал эми бийлик жана ички иштер министрлери өздөрү криминал менен биригип кетишип, бирок, аягында милиционерлерди күнөөлүү кылып келишкен.

«Кийинки жылдары милиционерлердин айлык маяналары көтөрүлдү. Аларды турак жай менен камсыз кылып, ушул сыяктуу имараттарды кура баштадык. Эгерде өлкөдө тартип болсун десек, калкыбыздын коопсуздугун ойлосок, анда милицияга кам көрүш керек, күч түзүмдөрүнө көңүл буруш керек. Бул иш эч убакта токтобошу керек», —  деди Алмазбек Атамбаев.

Президент референдум өткөн соң укук коргоо органдарын, анын ичинде милицияны да толук кандуу реформалоо үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөт.

«Балким, бул үчүн башка чаралар менен катар, куралдуу күчтөрдүн башкы штабындагыдай, ИИМ борбордук аппаратын кыскартууга туура келиши да мүмкүн», — деди ал.

 

Иш-чаранын аягында Президент милиция кызматкерлерин имараттын ачылышы менен дагы бир жолу куттуктап, ак ниет кызматы үчүн аларга алкыш билдирди. Мамлекет башчысы милиционерлерге ден сооллук, бакыт тилеп, спорт залы үчүн спорт жабдыктарын сатып алуу үчүн 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

Бөлүшүү