“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2016-жылдын январь-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү 326 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,3 %га өстү.

Бул тууралуу статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева маалымат жыйында билдирди.

10 айда өнөр жай продукциясынын көлөмү 155 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 %га төмөндөдү.

Өнөр-жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн (3,3 %га), текстиль өндүрүшүнүн (21,7 %га), кийим тигүүнүн (14,4 %га) жана башка металл эмес продукттардын (8,6 %га) кыскарышы менен шартталды.

Электр энергия өндүрүүнүн көлөмү, аны берүү жана бөлүштүрүү 8,2 %га төмөндөдү.

 

Бөлүшүү