Сентябрь айында Өзбекстан аймагында кыргыз ишкерлерине тийиштүү 300 вагон токтоп калган.

Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көп ишкерлер жабыр тартты. Өкмөт өкүлдөрү анын чечилишин өз көзөмөлүнө аларын билдирген.

«Азыр дагы дал ошондой абал түзүлүп, Өзбекстан аймагында ишкерлердин товарлары жүктөлгөн вагондор токтоп турат. Кыргыз-өзбек мамилеси жакшырып баратканын белгилеп жатабыз. Ошого карабастан, көп ишкерлер жабыр тартууда. Алтургай, мындай абал өлкө экономикасына да терс таасирин тийгизип жатат. Өкмөт бул маселени колго алышы зарыл», — дейт эл өкүлү.

Бөлүшүү