Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болгон Хиллари Клинтон шайлоодо жеңилип калгандыгына өкүнүчүн билдирди.
Ошол эле учурда өлкө кызыкчылыгы үчүн жаңы лидер, республикачы Дональд Трамп менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Клинтон анын милдети — «мыкты, күчтүү жана адилеттүү Американы» курууга көмөктөшүү экенин белгиледи.
Ал Нью-Йоркто сүйлөп жатып өлкөдөгү бөлүнүп-жарылуу ал болжолдогондон да терең болуп чыкканын айтып, шайлоо өнөктүгү маалында колдоо көрсөткөндүгү үчүн тарапташтарына ыраазычылык билдирди.
«Мен Америкага ишенем, мындан кийин да дайыма ишенем», – деди Клинтон.