Президент Владимир Путин айтымында, жеңил болбойт, бирок Кремль мамилелерди оңдоого даяр.

Интерфакс жазгандай, Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп расмий түрдө кызматына киришкенге чейин Орусия лидери аны менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөй турганын белгиледи.

АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп шайлоочулардын коллегиясынын 270тен ашык добушун алган.