Айрымдары өзү мектеп директору болуп жүрүп, кызматтан кетеринде ошол иш ордун уул-кызына, же келин-кесегине өткөрүп берген көрүнүштөр бар.
Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов билдирди.
«Эмнеге министр, акимдерди иштен алуу тез-тез кайталанып турат дагы, ал эми мектеп директорлоруна келгенде мококтук кылабыз?”,- деди ал .
Анын айтымында, мектептерде кошумча акча чогултууларга колунда барлар эле чыдабаса, өп-чап турмуш кечиргендердин чама-чаркы жетпей баратат.
Эми алдыда дагы аймактардагы мектептердин бул багыттагы иштерин иликтөөгө алуу зарылчылыгы жаралууда деген эл өкүлү атайын депутаттык комиссия түзүлгөндүгүн да кошумчалады.