Айрымдары өзү мектеп директору болуп жүрүп, кызматтан кетеринде ошол иш ордун уул-кызына, же келин-кесегине өткөрүп берген көрүнүштөр бар.

Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

«Эмнеге министр, акимдерди иштен алуу тез-тез кайталанып турат дагы, ал эми  мектеп директорлоруна келгенде мококтук кылабыз?”,- деди ал .

Анын айтымында, мектептерде кошумча  акча чогултууларга колунда барлар эле чыдабаса, өп-чап турмуш кечиргендердин чама-чаркы жетпей баратат.

Эми алдыда дагы аймактардагы мектептердин бул багыттагы иштерин иликтөөгө алуу зарылчылыгы жаралууда  деген эл өкүлү атайын депутаттык комиссия түзүлгөндүгүн да кошумчалады.

Бөлүшүү