Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов бүгүн КРдин баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин Бишкектеги Кыргызстандын ишмерлер аллеясына орнотулган бюстун ачуу аземине катышты.

Иш-чарага ошондой эле премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Турдакун Усубалиевдин туугандары жана жакындары катышты.

Фарид Ниязов президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

«Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик ишмери, ардактуу аксакалыбыз Турдакун Усубалиевич Усубалиевди 96 жашында жерге берген элек. Турдакун агабыздын өмүр жолу ар бир адамды таң калтырып суктандырат. 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык кызматтарда талыбай эмгектенүүнүн өзү эле канча эрдик!», — деп айтылат.

Президент белгилегендей, ал өмүр бою Кыргызстан деген үйдү курган.

«Анын эмгеги төрт Ленин, Октябрь Революциясы, эки Эмгек кызыл туу, Элдердин достугу, 1-даражадагы “Манас” ордендери, акыры “Ак-Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылып, Кыргыз Республикасынын Баатыры даражасы менен белгиленген», — дейт.

 

 

Бөлүшүү