Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин жогорку мектеби «Орхусс конвенциясынын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдарын колдонуу» деген аталыштагы тренинг өткөрүүдө.

Тренингдин максаты — судьялардын курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатында административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароодо Орхусс конвенциясынын ченемдерин колдонуу маселелери боюнча дараметин жогорулатуу.

Иш-чарага Бишкек шаардык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облусттук сотторунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын, Бишкек шаардык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын райондор аралык сотторунун 16 судьясы жана сот аппараттарынын административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын ишин камсыздоо бөлүмдөрүнүн 9 мамлекеттик кызматкери катышууда.

Бөлүшүү