Бүгүн ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун башчысы Петко Драгановду кабыл алды.

Иш-чарага БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесов катышты.

Тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалы тууралуу баарлашып, аймактагы коопсуздук маселелерин  талкуулашты. Ошондой эле чек араларды делимитациялоо иштери тууралуу сүйлөшүп, климаттын өзгөрүшү менен мөңгүлөрдүн эриши боюнча ой бөлүштү.

Турсунбеков Борбордук Азиядагы коопсуздукту коргоо багытында иш алып барган БУУнун Превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борборунун ишине канаттанды.

Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чек араларын делимитациялоо учурдун маанилүү маселеси экенин айткан Турсунбеков кыргыз тарап чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо ишин тездетүүгө кызыктар экенине токтолуп, бүгүнкү күндө бул маселе чечилип баштаганын жана башталган иш аягына чыгат деген ишеничте экенин билдирди.

Кезегинде Петко Драганов БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору аталган маселеге айрыкча маани берерин айтып, кыргыз тараптын жасап жаткан иштери жалпы аймак үчүн өтө зарыл деп кошумчалады.

Мындан тышкары, тараптар Борбордук Азиядагы суу маселелери, экология, өзгөчө, мөңгүлөрдүн эриши сыяктуу көйгөйлөр тууралуу кеп кылышты.

Ал эми парламенттер аралык өнөктөштүктүн азыркы абалы боюнча Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмуна Жогорку Кеңеш менен Парламенттер аралык бирлик аркылуу кызматташа баштаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, парламенттин ролун кеңейтүү багытында ушул жылдын декабрь айында Алмата шаарында өтө турган аймактык семинарды колдоого аларын да кошумчалады.

Ошону менен катар жолугушууда Конституцияны өзгөртүү боюнча 11-декабрда өтө турган референдум тууралуу да сөз болду.

Бөлүшүү