Мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын балдары 1 миллиард долларлык «Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы» долбооруна инвестиция салат.

Бул тууралуу орусиялык Росбалт басылмасы беларус ММКларына шилтеме кылып жазды.

Курманбек Бакиевдин жакында эле «Минск» мейманканасына жетекчи болгон аялы өз өкүлү аркылуу ага «долбоор тууралуу эч нерсе белгисиз экенин» айттырган.

Аталган корпорация 2016-жылдын 11-августунда каттоодон өткөн. Ал Минск облусунун Руденск шаарындагы 160 гектар аянтта тоют жана ага кошума заттарды өндүрүүгө багытталган жогорку технологиялык агроөндүрүштүк комплекс түзүү менен алектенери болжолдонууда.

Руденсктеги долбоорго салынчу инвестициянын көлөмү 1 миллиард долларга бааланууда. Президент Лукашенконун жарлыгына ылайык, каржылоо «Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясынын» жеке каражатынын, ошондой эле насыя жана карыз иретинде алынган акчалардын эсебинен ишке ашырылат.