Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Кезинде кыргызстандык “Альфа Телеком”   ЖАКтын 50 пайыз акцияларына ээлик кылган Белиз мамлекетинин Саутфилд оффшордук компаниясындагы  бенефициарлардын (учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон Кыргызстандын үч жараны) пайдасындагы жалпы суммасы 22 % (8%+7%+7%) болгон үлүштөр тууралу 2012-жылдын 4-апрелиндеги трасттын  расмий документтерин текшерүүнү тапшырды.  Бул документ УКМК линиясы аркылуу алынды.

Трасттын документтерине ылайык, эгерде Саутфилд компаниясы 2015-жылдын 1-январына чейин 50 миллион АКШ долларын түзгөн “Альфа Телеком” ЖАКтын акцияларын сатканда, Кыргызстандын үч жараны автоматтык түрдө Саутфилд компаниясындагы акцияларын алышмак. Бул иш жүзүндө алардын “Альфа Телеком” ЖАКтын ( “Мегаком” соода маркасы) акцияларын сатуудан түшкөн тийиштүү үлүшүн алганын билгизет. Кийин Кыргыз Республикасынын сотторунун чечими менен айтылган 50 процент акция  мамлекеттин пайдасына конфискацияланышына байланыштуу гана аталган траст күчүнө кирбей калган.

Презилент ушундай документтердин пайда болушуна байланыштуу прокуратура органдары бардык жагдайларды изилдөөгө тийиш экенин белгиледи.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, башкы прокуратура алдында трасттын документтерине байланышкан бардык жагдайды териштирип, жыйынтыктары тууралуу коомчулукту маалымдоо милдети турат.

Бөлүшүү