Бул тууралуу бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү кийирүү тууралуу маселе каралып жатканда белгилүү болду.

Каржы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, республикалык бюджеттин параметрлери төмөнкүдөй болуп такталды: бюджеттин тартыштыгы ички дүң өндүрүмгө карата 4,9 пайыз болсо, үнөмдөөлөрдүн натыйжасында ал 4.8 пайызга чейин кыскартылды. Республикалык бюджеттин кирешеси 1 млрд 107 млн сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 1 млрд 135млн сомго азайды. Ошентип, бюджеттин каржы таӊсыктыгы 28 млн сомго кыскарды.

“Бир нече тендер өз учурунда өтпөй калганын байланыштуу, алардын каражаттары быйылкы жылдын бюджетинен алынды”, — деди министр.

Андан тышкары, Эсеп палатасы кошумча нарк салыгы, мамлекеттик алымдар, атайын каражаттар боюнча карап чыгуу тууралуу министрликке сунуштама берген.

Белгилүү болгондой, буга чейин бюджет боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип жатканда тармактык комитеттен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, мамлекеттик чек ара кызматына кошумча каражат бөлүп берүү тууралуу сунуштар түшкөн. Министр суралган кошумча каражаттар толугу менен бөлүнүп берилгенин кошумчалады.

Бөлүшүү