Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Сиздин бул жогорку кызмат ордунуздагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн багытталган көп кылымдык салттык достукка, жылуу коңшулук жана өз ара урмат-сыйга негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдирем. Өзгөчө белгилей кетсем, кыргыз-өзбек мамилелеринин жакшы жагына өзгөрүүсүнүн  айкын мисалы катары жакында эле болуп өткөн Кыргызстандын делегациясынын Андижан шаарына жана Өзбекстан делегациясынын Ош шаарына келип кетишин айтууга болот. Аны менен бирге, кыргыз-өзбек  мамлекеттик чек ара маселелери боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөр  процесси укуктук багытта жүргүзүлүшү абдан чоң мааниге ээ», —  деп белгиленет  куттуктоосунда.