Хатлон облустук соту Сирияда «Ислам мамлекети» террористтик тобунун катарында согушуп келген тажикстандык Ахлиддин Усмоновду 12 жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу облустук соттун төрага орун басары Сайфиддин Мухиддинзода билдирди.

Анын айтымында, Ахлиддин Усмонов ИМ тобунун террорчулары тарабынан жасалган ырайымсыз көрүнүштөрдү көргөн соң Сириядан качып келген. Ал камактагы мөөнөтүн Курган-Төбөдөгү катаал режимдеги абакта өткөрөт.

Маалымдалгандай, Усмонов июлда Сириядан чыгып, Түркия жана Орусия аркылуу Тажикстанга кайтып келген. Ал Дүйшөмбү аба майданында камакка алынган.

Усмонов «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу тарапта болжол менен бир жума согушкан. Тергөө анын түрк медресесин аяктагандан кийин Муслим аттуу адамдын азгыры менен Сирияга барганын аныктаган.

Усмоновдун жактоочусу Ахлиддин Гулов айыпталуучу өкүм менен макул экенин жана жогорку инстанцияга кайрылбай турганын билдирди.

Бөлүшүү