Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы шайланган президенти  Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү.

Кремль билдиргендей, сүйлөшүү өз ара макулдашуунун негизинде өттү.

Путин Трапты президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, саясий өнөктүк алдында берген убадаларын аткарууда ийгилик каалап, жаңы администрация менен тең укуктуулук принцибинин негизинде, бири-биринин ички иштерине кийлигишпей, өнөктөштүк деңгээлинде диалог курууга даяр экенин билдирди.

Кремль билдиргендей, Путин менен Трамптын маектешүүсү учурунда эки тараптуу байланыштарды соода-экономикалык компоненттин негизинде түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Путин менен Трамп эл аралык терроризм жана экстремизм сыяктуу жалпы душманга каршы чогуу күрөшүү зарылдыгы боюнча дагы пикир алышты. Бул багытта Сирия кризисин жөнгө салуу маселелси да талкууланды. Телефон менен сүйлөшүүнү шарттуу түрдө улантуу жана жакынкы келечекте жеке жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашты.

Бөлүшүү