Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен 30-сентябрда материалдык резервдер фонду колдонгон ундун сапатын аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында комиссия төмөндөгүдөй жыйынтыкка келген:

— Бишкек шаарындагы №5 жана №97-кесиптик лицейден, Чүй облусундагы Беловодское айылындагы “Ибраев” ишканасынан, Токмок  шаарындагы жана Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканалар колдонуп жүргөн биринчи сорттогу унду алып,  Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө мамлекеттик инспекциясынын уруксаты менен малга тоют катары өткөрүп берүү, эгерде алар уруксат бербесе, бул унду тийиштүү тартипте жокко чыгаруу;

— Мамлекеттик материалдык резеврдер фондунун №1 борбордук базасында желдетүүчү жабдыктарды орнотуп, кампанын нымдуулугун жана температурасын каттап турган журнал киргизүү;

— 2015-жылдын ноябрь айында ун чыгарылгандыктан, аны техникалык регламент боюнча сактоо мөөнөтү 6 ай деп көрсөтүлгөн;

— Ун сакталган жер таза болуш үчүн, азыкты киргизээрден мурда кылдат карап тазалагыны өзгөчө көңүл буруу, жугуштуу микробдор табылган учурда, кампаны желдетип, тазалагандан кийин гана унду киргизүү;

— Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы карап чыгып, ишке укуктук баа берүү жана 15 күндүк мөөнөттө иш тууралуу КР Өкмөтүнө маалымат берүү.

Азыркы тапта ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө мамлекеттик департаменти жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын тарабынан иликтенүүдө.

Эске салсак, аталган комиссия коомчулукка материалдык резервдер фондундагы ундан курт чыкты деген маалыматты текшерүү максатында түзүлгөн.

Бөлүшүү