Жер ортолук деңизде «Адмирал Кузнецов» кемесине конуу маалында орусиялык МиГ-29 согуштук учагы кыйрады.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинен кабарлашканын «Интерфакс» жазды.

Мекемеден учкуч аман-эсен калганын билдиришти. Себеп катары «техникалык мүчүлүштүктөр» айтылууда. Буга чейин «Адмирал Кузнецовдун» жанында орусиялык аскерий учактын кулап түшкөнү тууралуу америкалык Fox News телеканалы билдирген.

«Адмирал Кузнецов» орусиялык башка аскерий кемелердин курамында Сириянын жээктерин көздөй бара жатат. 11-ноябрда кемедеги согуштук учактар машыгуу учууларын аткарып башташкан.

Бөлүшүү