Сузак районунун Кум-бел участкасындагы «Эрке-Бек» ЖЧКсы жетекчиси Самудинов Канат көмүр казуу максатында 6,5 га жер кыртышын бузгандыгы аныкталды.

Мыйзам бузуулар боюнча жеринде протокол, актылар тузүлүп, жер кыртышын бузугандыгы үчүн аталган жаранга  325 000 сом айып пул салынды.

Учурда тиешелүү бардык материалдар чогултулуп, келтирилген чыгашанын ордун толтуруу боюнча экотехинспекция тарабынан  мыйзам чегинде иштер жүрүп жатат.