Бүгүн ЖК жыйынында “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдумажит Юсуров баяндама жасады.
Мыйзам долбоору көп батирлүү үйдөгү турак жайларды өнөр жай мүнөзүндөгү максаттар үчүн, аларды соода жайлары катарында пайдаланууга, тейлөө чөйрөсүндөгү уюмдарды жайгаштыруу үчүн, анын ичинде мейманкана катарында пайдаланууга, ошондой эле жашоодон тышкары, башка максаттар үчүн пайдаланууга мыйзамсыз берүүгө, өткөрүп берүүгө айыпты жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Ошондой эле мындай бузуулар менен күрөшүүнү күчөтүү максатында, администрациялык жаза-чараларды көрүүнү жана кароону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары ички иштер органдарына берүү сунушталып жатат.
Талкууда көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды мейманкана катары иштетүү үчүн Салык кызматынан патент алган жарандар бар экенин айтылып, мындай жагдайлар кандай болот деген суроо жаралды. Патент 1 ай жана андан ашык убакытка туруктуу жашоого гана берилери такталды. Шаар тургундары үйлөрдү суткага, саатына берилип жаткандыгы боюнча нааразычылыктары боюнча маселени байма-бай көтөрүп келе жаткандыгын белгилеген депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдоого чакырды. КР ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анын жакшылап иштеп кетүүсү үчүн тиешелүү механизмдер иштелип чыгаарын белгиледи.