Бул күн 1946-жылы 17-ноябрда Чехословакиянын борбору Прага шаарында студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген.
1939-жылдын 28-октябрында студенттер жана окутуучулар Чехословакиянын түзүлгөн күнүн белгилөө максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп, медицина факультетинин студенти Ян Оплетал окко учкан.
Андан кийин көптөгөн студенттер акцияга чыккан. 17-кноябрда Чехияда мамлекеттик майрам катары белгиленет.
Бир канча демонстранттар камалып, Чехословакиянын студенттер кеңешинин 9 активисти эч кандай соту жок атылган. Гитлердин буйругу менен согуш бүткөнчө чех окуу жайларынын бардыгы жабылган.
1989-жылы кайрадан студентердин демонстрациясы уланган. Бул күнү Кыргызстанда студенттерге арналган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.