Казакстанда саат 22ден таңкы саат 6га чейин телеканалдар менен радиолордун эфирлеринде сыра, сыра суусундуктары жана шарапты жарнамалоого уруксат берүү сунушталууда.

Спирт ичимдиктерин өндүргөн соода маркаларын кайра жарнамалап баштоо демилгеленген Жарнама тууралуу мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоору парламент мажилисинин жумушчу тобунун кароосуна алынып чыкты.

Өлкөнүн Маалымат жана коммуникациялар боюнча вице-министри Алан Ажибаев демилге телеканалдар жана бизнес тарабынан көтөрүлгөнүн билдирди.

«Жарнама базарындагы кыйынчылыктарды эске алуу менен бизге жарнаманы киргизүү сунушу менен кайрылышты. Дагы бир жолу айтам, сыранын, күчү аз спирт ичимдиктердин эмес, соода маркалардын жарнамасын», — деди Алан Ажибаев.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, сыра, сыра ичимдиктери жана шараптан башка бардык алкоголь жана тамеки продукцияларынын жарнамасына тыюу салынат. Учурдагы нормалар боюнча, алкоголь продукциясынын товардык белгилеринин же аталыштарынын элементтерин пайдаланган товарлар менен кызматтарды жарнамалоого болбойт.

Эки жыл мурда Астанада бул маселе боюнча таптакыр башкача пикирлер айтылган. Анда алкоголь продукциясынын ММКларда жашыруун түрдө да жарнамаланышына тыюу салуу демилгелери көтөрүлгөн. Казакстанда алкоголду жарнамалоого 2004-жылдын 1-январынан бери мыйзам менен тыюу салынган.