Мындай  пикирин КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев журналисттер менен болгон баарлашууда билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө журналисттер быйылкы кышта жылма өчүрүү болор, болбостугуна кызыгышты.

«Өзүңөр билгендей, кечээ биз өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маалыматын угуп, жыйынтыгында даярдык иштерин канааттандырарлык деп таптык. Чындыгында эле учурда Токтогул суу сактагычында суунун дефицити жок, 17 млрд. кубометр суу жылма өчүрүү мүмкүн болбой тургандыгына, электр жарыгын импорттобогонго ишеним арттырат», — деди Рыспаев.

Мындан сырткары, депутат электр жарыгына болгон баанын төмөндөшү мүмкүн экенин жокко чыгарбады.

«Казакстандан электр энергиясын сатып алууга эмне себеп болду? Анын себеби, суу сактагычтагы суунун көлөмү 13-14 млрд. кубометрден төмөн түшүп кеткенде, ГЭСтин агрегаттары электр энергия өндүрө албай калат. Азыркы учурда эки деңгээлдеги тариф иштеп жатат:  200 кВт/саат лимиттен ашпаса 77 тыйын, лимит ашкан учурда 2 сом 16 тыйынды түзөт. Биз бир канча жолу өкмөттүн алдына электр жарыгынын баасын 1 сом 82 тыйынга түшүрүү маселесин койдук, анткени, өкмөттүн токтомуна ылайык, Казакстандан импорт болбогон учурда ушул тариф иштеши керек эле, бирок өкмөт башка токтом чыгарып, 2015-2016-жылдары Казакстандан алынган импорттук карыздан кутулмайынча биринчи токтом күчүндө каларын билдирди», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле журналисттер көмүрдүн баасы боюнча да маселени көтөрүштү. Буга чейинкидей болуп көмүрдүн баасы кымбаттап, ал калктын аярлуу катмары үчүн жеткиликтүү эмес болуп калбайбы деген суроону коюшту.

«Мен баа көтөрүлбөйт дегенге кепилдик бералбайм, себеби, бул негизинен жеке колдордо, жеке компаниялар элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө жараша бааларды өздөрү коюшат. Бирок көмүр менен камсыз кылууда  «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы негизги  болуп эсептелет. Ошондуктан баалар кескин көтөрүлөт деп ойлобойм. Бүгүнкү күндө көмүрдүн 1 тоннасынын баасы болжолдуу 3,8 миң сомду түзөт, өлкөнүн түштүгүндө бир аз кымбат болушу ыктымал», — деген депутат бул багытта антимонополдук кызмат ишти күчөтүшү керектигин белгиледи.

Бөлүшүү