Жогорку Кеӊеште кечээ экономика тармактарын жана калкты 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө, ошондой эле энергетика тармагындагы абал тууралуу маалымат угулду.

Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында премьер-министр башында турган штаб түзүлүп, өлкө аймагында ырааттуу иш алпарганын, башка жылдарга караганда кышка кыйла жакшы даярдык менен келгенин, мындай чаралар мындан ары да улантыла турганын, негизги күч энергетика тармагына жүктөлүп жатканын белгиледи. Ал өткөн 10 ай аралыгында 9,85 млрд кВт/саат көлөмүндө электр энергиясы иштелип чыкканын, бир топ электр кубаты экспорттолгонун кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө энергетика тармагында жалпысы 88 миллиард сом карыз экени белгилүү болду. Ошону менен катар депутаттардын суроолорунан кийин электр кубаты сырттан сатылып алынбастыгы айтылды. Тариф маселеси боюнча сөз козголуп, коңшу Тажикстанда 2 сомдун тегерегинде, Казакстанда 4-6 сом, Орусияда 5-6 сомду түзөөрүн, коңшулардан Кыргызстанда гана электр кубаты арзан экенин «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев билдирди. Мындан сырткары, алдыдагы кышта эч кандай өчүрүүлөр болбостугу, жер-жерлерде баардык мекемелер тиешелүү көмүр менен камсыздалганы боюнча маалыматтар айтылды.

Каржы министри Адылбек Касымалиев бюджеттик мекемелер электр кубаты боюнча карызын төлөй албай калса, туум эсептелбестиги тууралуу тиешелүү документ даярдалаарын белгиледи. Айрым эл өкүлдөрү карапайым элге көмүрдүн баасын туруктуу кармап берүү өтүнүчтөрүн жолдошту.

Соңунда өкмөттүн экономика тармактарын жана калкты 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгын канааттандырарлык деп табуу жөнүндө токтом долбоору менен кошо, тиешелүү мамлекеттик мекемелерге бир катар тапшырмалар боюнча Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин чечимине келерки жыйында добуш берилмей болду.