Бишкек шаарынан 135 чакырым алыстыкта жайгашкан “Төө-Ашуу” тоо-лыжа базасында лыжа сезонунун расмий түрдөгү ачылышы болду.

Сезонду ачуу аземинде лыжа тебүүчүлөрдүн жана сноубордчулардын арасында мелдеш өткөрүлүп, аларга баалуу белектер ыйгарылды.

Айымдар арасында өткөн беттештен 2-орунду ээлеген Ирина Брагинская 12 жашында алгач лыжа тепкенин айтты.

“Атайын лыжа сезонунун расмий ачылышына катышууга келдик. Спорттун бул түрүн жакшы көрөм. Сноубордго караганда лыжа тепкен жагат. Себеби ылдамдыгы тезирээк. Лыжа тебүү жогорку маанай тартуулайт”, — дейт ал.

Биринчи жолу сноубордго турган Жылдыз Каныбекова да мелдешке катышты.

“Бул жер жаңыдан үйрөнүп жаткандар үчүн дагы ыңгайлуу экен. Биринчи сноубордго турганда корктум. Анан бат эле үйрөнүп кеткендей болдум”, — деди Каныбекова.

Беттештин дагы бир жеңүүчүсү Салир Маслянов уюштуручуларга ыраазычылык билдирди.

“Мен сезондун ачылышына жылга келем, кызыктуу өтөт. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз”, — деди Маслянов.

 

Бөлүшүү