21-23-ноябрда абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн.

Түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -10…-15° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -5…-10° суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -13…-18° суук, бийик тоолуу райондордо  -20…-25° чейин төмөндөшү күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -3…-8° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-5° суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо -10…-15° чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.