Ангела Меркель 20-ноябрда кечинде расмий түрдө Германия канцлерлиги үчүн төртүнчү жолу талапкерлигин жылдырарын билдирди.

Бул тууралуу ал Берлинде өткөн басма сөз жыйында айтты.

Келечектеги бундестаг шайлоосун Меркель “Германия бириккен убакыттан берки эн оор учур” деп атады. Ал туура чечим кабыл алганын, бул жолду өлкөсү менен бирге басып өтүүгө каалоосу жетерин билдирди.

Германияда парламенттик шайлоо 2017-жылы жайдын соңунда же күздө өтөрү күтүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен канцлер постун ким ээлей тургандыгы чечилет. Меркель бул кызматты 2005-жылдан бери аркалап келет.