Бүгүн агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде ”Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган КР менен эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду” даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуевдин айтымында, келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусунун сүт өндүрүү тармагын өнүктүрүү, сүт продукцияларын экспорттоо, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшүү максатында 525500 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Каражат негизинен 4 багытта жумшалмакчы: жеринде изилдөөлөрдү жүргүзүү; тиешелүү документтерди даярдоо; мекемелердин мүмкүнчүлүгүн арттыруу; гранттык аудитти жүргүзүү.

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, азыр уйлардын сүттүүлүгү кыйла төмөн, ото эсеп менен ар уйдан жылына 2028 кг сүт саалат. Ошондуктан, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү ишин жолго коюунун зарылдыгы бар. Бул гранттык каражатка атайын долбоор иштелип чыккан соӊ, пилоттук долбоорду ишке ашырууга 25 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлүнөт. Караж 2017-жылдан тарта түшө баштоого тийиш.

Комитет депутаттары белгиленген каражаттын басымдуу бөлүгү консультанттарга бөлүнөөрүн сынга алып, бул тармакка байланыштуу дагы пландалып жаткан кредиттик жана гранттык жардамдын кайсы багытка жумшалаары боюнча так маалыматтар болсо деген ой-пикирлерин ортого салышты.

Жыйынтыгында бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.