Бул тууралуу жабыркаган кыздын апасы Айсулуу Токтоналиева айтып берди.

Анын айтымында, бул окуя былтыр сентябрь айында болгон.

«Мен Кеминде жашайм. Кызымды кошуналардын үйүнө карызды алып келгенге жөнөткөм. Кечинде саат 18:00дө барган. Ал чыгып баратканда бир киши отурган экен. Акчаны алып үйгө баратса, аны тиги киши чакырат. Кароосуз калган үйгө күчүк кирип кеткенин айтып, жардам берүүсүн суранган. Кызым макул болуп, күчүктү издеп жаткан жеринен аны кармап зордуктоого аракет кылган. Биздин итибиз барып үрүп баштаганда кызым качканга жетишкен. Үйгө чуркап келип, бөлмөсүнө ыйлап кирип кеткен. Эмне болгонун сурасам айтып берди. Ошол эле күнү милицияга кайрылдык», — дейт.

Бул окуядан кийин кызы жакшы уктай албай жатканын кошумчалады.

«Ал ооруканага жатып чыкты. Көчөгө чыккандан да коркуп калды. Милиция кызматкерлери үч сүрөт көрсөттү. Кызым зордуктоого аракет кылган кишини алардын арасынан тапты. Андан кийин аны кармады. Бирок соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Ошол эле учурда бул ишке экс-акыйкатчы Турсунбек Акун киришип, аны актап жатат», — дейт ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү